12

Январь

2020

Убактылуу коопсуз жайга чыгарылган жарандар үйлөрүнө кайтты

Бүгүн 12.01.2020.саат 14:00гө карата Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Баткен районунун Көк-Таш айылында, 9-10-январда чек арадагы чыр чатакка байланыштуу коопсуз жайга чыгарылган жарандар үйлөрүнө кайтты.

 Облустун аймагындагы чек ара жана бажы бекеттери күнүмдүк тартипте иштеп жатышат. Кошуна  Тажик Республикасы менен чектеш аймактарда абал тынч.   “Ош-Баткен–Исфана” автоунаалар жүрүүчү жолдор ачык жана оң абалда.Бугун эрте менен Баткендеги  2022 аскер бөлүгүнүн базасында, Ыйгарым укуктуу өкүл А.Мадумаров, Баткен областынын күч түзүмдөрүнүн башчыларынын жана КР Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги А.Орозалиевдин, КР Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары А.Алимбаевдин катышуусунда координациалык кеңешме өтту. Кеңешмеде Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы окуя боюнча маселе каралып тиешелүү тапшырмалар берилди.