26

Октябрь

2018

Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратына тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Улукбек Кочкоровду жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Азамат Жаманкуловду тааныштырды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы дайындалган министрлердин кесиптик тажырыйбасына белгилеп,  алардын  жетекчилиги астында  аталган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө  жакшы жагына  өзгөрүүлөр болоруна ишенимин билдирди. Ошондой эле вице-премьер-министр бүгүнкү күндө   Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин  жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астында турган биринчи милдеттерге токтолуп, Улукбек Кочкоров менен Азамат Жаманкуловдун ишине ийгиликтерди каалады.   [su_carousel source="media: 124978,124979,124980,124981" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү