24

Март

2015

Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин жоготкон учурда Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк жасоо жана аны берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин жоготкон учурда Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк жасоо жана аны берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө токтомго кол койду. Аталган чечим чет өлкөлөрдүн аймагында жүрүп, өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин жоготкондугу себептүү Кыргызстанга кайтуу үчүн күбөлүк алууда такай көйгөйгө тушуккан жарандарга көмөк көрсөтүү максатында кабыл алынган. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөн соң, күчүнө кирет.

Токтомдун тексти

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү