09

Май

2015

Улуу Ата-Мекендик согуш жылдары фронтко мобилизацияланган Кыргызстандын жарандарынын саны тууралуу такталган маалымат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынан Улуу Ата-Мекендик согушка чакырылгандардын саны тууралуу маалыматты тактады. Улуу Ата-Мекендик согуш жылдары Кыргызстандан фронтко 365 миң адам мобилизацияланган, алардын катарынан; - 114 833 адам курман болгон; - жогорку сыйлыктарга — Алтын Жылдыз белгисине жана Советтер Союзунун Баатыры наамына 73 адам татыган; - Даңк орденинин үч даражадагы кавалерлигине 22 адам татыган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү