21
Ноябрь
КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Куттуктоонун тексти:
Урматтуу прокуратура орган кызматкерлери!
21 Ноябрь, 2014
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргыз Республикасынын прокуратура органынын негизделгендигине 90 жыл толгондугуна байланыштуу юбилейлик датасы менен куттуктайм.
Ушул күнү Кыргыз Республикасынын жалпы прокуратура кызматкерлерин натыйжалуу эмгеги, прокуратура органдары алдында турган башкы милдеттерди аткаруудагы адискөйлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет.
Кыргыз Республикасынын бүгүнкү прокуратурасы мамлекеттин атынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу бирдиктүү орган тутумундагы звено катары саналат.
Тапшырылган ишке карата зор жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана жасалган сабаттуу кадамдар мындан ары карай дагы алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө, биздин мамлекетти курууга жана өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө, адам укугун, өлкө кызыкчылыгын ишенимдүү жана сабаттуу түрдө коргоого көмөк көрсөтөөрүнө шек жок.
Кымбаттуу достор! Ушул юбилейге байланыштуу салтанаттуу күнү сиздерге тынчтык, ырыс-ынтымак, бакубаттуулук каалайм жана Мыйзамга, өз эл-жерине кызмат кылуу ишинде ийгиликтердин жарала беришине тилектешмин.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев