06
Август
2012
Бүгүн, 6-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди кабыл алып, укук коргоо органдарын реформалоонун жүрүшүн талкуулады.
Жолугушуу учурунда З.Рысалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын начальнигинин орун басары Арстанбек Ормушевдин катыштыгы бар делген жана адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын бардык жагдайларын иликтөөнүн жыйынтыгы туурасында маалымат берди. Тиешелүү тапшырма министрге ушул жылдын 3-августунда КР Өкмөтүнүн отурумунда берилген эле.
Министрдин сөзүнө караганда, азыркы тапта А.Ормушев кызматынан бошотулду.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кылмышка катыштыгы бар адамдын жарандардын укугун коргоп, кылмыштын алдын алууга багытталган кызматты аркалаганга моралдык укугу жок.
“Укук коргоо органдарынын кызматкеринин башкаларга караганда жоопкерчилиги он эсе жогору болушу керек, анткени ал жарандарыбыздын укугун коргоп, кылмыштардын алдын алышы керек. Албетте, А.Ормушевдин күнөөсүн сот аныктайт, анткен менен адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына катыштыгы болгон соң А.Ормушевдин кызматында калууга моралдык укугу жок”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөт башчысы министр З.Рысалиевден ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш-аракетине байланышкан бардык жагдайларга ыкчам реакция кылууну талап кылып, алардын жоопкерчилигинин деңгээли жөнөкөй жарандарга караганда кыйла бийик болушу керектигин баса белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү