16

Май

2020

Узарбек Жылкыбаев баатыр энелерди "Энелер күнү" майрамы менен куттуктап кабар алды.

img

Бүгүн 16- май күнү Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев облустун аймагындагы бир катар баатыр энелерди куттуктады.  

Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын тургуну баатыр эне Исакова Саадат 70 жашта, 10 баланын энеси, баатыр эне. 

Саадат апага Өкмөттүн өкүлү Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо кат, баалуу белек тапшырды, жакшы каалоолорун жеткирди.

Исакова Саадат белгилүү манасчы Рыспай Исаковду төрөп, баккан эне. Саадат апа уулунун эл наркын, " Манасты" өнүктүрүү үчүн кылган эмгегине сыймыктанаарын белгиледи.

Мындан сырткары Президенттин жарлыгы менен Ош облусунун аймагында жалпысы 6 баланы татыктуу тарбиялаган үчүн 88 энеге " Эне даңкы", 315 энеге " Баатыр эне" төш белгилери келди. Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан карантиндик кырдаалга байланыштуу белектер, куттуктоо каттары менен биргеликте үйлөрүнө жеткирилип   берилет.


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы