01

Ноябрь

2013

Бул туурасында 1-ноябрда, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз милициясынын 89 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу жыйынында айтты.

Өкмөт башчы жыйында сөз сүйлөп жатып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин ар бир күнкү ишинин өмүргө коркунуч туудурган татаалдыгын белгиледи.

“Муну эске алуу менен милиция кызматкерлери тиешелүү маяна алууга татыктуу. Бул максатта сиздердин эмгек акыңыздарды көтөрүүнүн жана социалдык коргоону күчөтүүнүн үстүндө активдүү иштер жүрүп жатат. 2014-жылы ИИМдин ички түзүмүнүн эмгек маянасы жогорулайт. Ошол эле учурда, сиздердин ишиңиздерге берилгендигиңиздер, кызмат милдеттерине жоопкерчилигиңиздер элдин милицияга болгон ишениминин башкы шарты экендигин унутпашыңыздар керек. Милициянын катарына кабыл алуудагы жоопкерчиликке жараша, кызмат тартибин күчөтүү жана укуктук маданият кылмышкерлер менен күрөшүүнүн жыйынтыгынан көрүнөт. Сиздер улуу салттарды жана абройду бекемдөөгө баардык мүмкүнчүлүгүңүздөрдү жумшайсыздар деп ишенем”,- деди ал.

Андан соң, Жантөрө Сатыбалдиев кызмат милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылган милиционерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алкышына милициянын подполковниги Кубанычбек Колдошев, милициянын майору Чолпон табалдиева, милициянын капитаны Исмайил Сагыналиев жана Нурбек Турсунбаевдер ээ болушту.

Ошондой эле Премьер-министрдин колунан милициянын полковниги Анарбай Алимбеков, милициянын подполковниги Аскат алиев жана милициянын майору Орунбай Кочкоров кол саатын алышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү