28
Январь
2012
Бүгүн, 27-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын коллегиясына катышты. Анда аймактын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2012-жылга карата маселелер каралды.
Жоомарт Оторбаев өз сөзүндө Өкмөттүн аймактарды жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча милдеттери тууралу маалымдады.
Ошондой эле вице-премьер-министр Өкмөттүн “100 күндүк” жана жылдын аягына чейинки Иш-аракеттер планы жөнүндо да сөз кылды.
Коллегиянын отурумунун жүрүшүндө аймактын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2012-2014-жылга карата маселелер тууралу маалымат берилди.
Жоомарт Оторбаев Баткен областына болгон иш-сапарынын алкагында, облустын губернатору Арзыбек Буркановду колдоп митингге чыккан жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Вице-премьер-министр алардын койгон талаптарын жетекчиликке жеткирүүнү убада кылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү