01

Апрель

2013

 Бүгүн, 1-апрелде, Кыргыз республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Жусуп Баласагын атындагы кыргыз Улуттук университетине караштуу Конфуция институтунун директору, Синьцзян педагогикалык Университетинин профессору Ма Лей менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда  Май Лей Улуттук университетине караштуу Конфуция институтунун төрт жылкы иши жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди. 

Вице-премьер-министр Ма Лейге эки өлкөнүн ортосундагы маданият жана билим берүү мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана анын кыргыз тилин бийик деңгээлде өздөштүргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

 Мындан тышкары К.Талиева Жусуп Баласагын атындагы кыргыз Улуттук университетине караштуу Конфуция институту Кыргызстанда 8 конфуций классын (жабдыктардын ар бир класс үчүн жалпы баасы 30 миң  АКШ доллар) жана 18 мультимедиялык аудиторияны (жабдыктардын ар бир аудитория үчүн жалпы баасы 3,5 миң АКШ доллар) ачканын  жана аларды эң акыркы заманбап техникалык каражаттар менен камсыздаганын маалымдады. 

Аталган институттун аракети менен КЭРге 600дөн ашык кыргызстандыктар окууга жиберилип, 800 кытай тили боюнча мугалимдер квалификациясын жогорулатууга жиберилген. 

Жолугушуу маалында Баткен облусунда кытай тилин үйрөнүүчү борборду ачуу маселеси талкууланды. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү