02

Август

2020

Бишкекке дагы 78 кычкылтек концентратору алынып келинди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди. 

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1500  кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.