05

Декабрь

2012

Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарында   Шанхай кызматташуусу Уюмунун (ШКУ)  мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын  Кеңешинин кезектеги ХI жыйыны өз ишин “Ала-Арча”  мамлекеттик резиденциясында аяктады. Жыйындын ишине Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вень Цзябао, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Акил Акилов жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов катышты.

Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг, Иран Ислам  Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Рахими, Афганистан Ислам Республикасынын Вице-президенти Карим М. Халили, Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Санджай Сингх ШКУнун ишине байкоочу иретинде катышты.

Кезектеги жыйынындын алкагында Өкмөт башчылары  Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет  мүчөлөрү соода-экономикалык, техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча ар тараптуу  спектрдеги  маселелерди талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Өлкө Башчылары  айрым документтерге жана биргелешкен Коммюникеге кол коюшту.

  1. Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт  Башчыларынын (Премьер-министрлердин) Кеңешинин  чечими:

- Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет  мүчөлөрүнүн  көп тараптуу  соода-экономикалык кызматташуусунун Программасынын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Шанхай кызматташуусу Уюмунун Секретариатынын отчету.

- Шанхай кызматташуусу Уюмунун 2012-2016-жылдардын алкагында долбоордук иштерди мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Тизмеси тууралуу.

- Шанхай кызматташуусу Уюмунун 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча Шанхай кызматташуусу Уюмунун Финансылык отчету.

- Шанхай кызматташуусу Уюмунун 2013-жылга карата бюджети тууралуу.

- ШКУнун өнүктүрүү Фондун (Атайын эсепти) жана өнүктүрүү Банкын уюштуруу боюнча иштер тууралуу.

2. Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын  Кеңешинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен Коммюнике.

Ошондой эле Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин жыйынтыгы боюнча дагы төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жою боюнча  өз ара жардам көрсөтүү боюнча Макулдашуунун протоколу.
  2. Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн  бажы кызматтарынын ортосундагы жана интеллектуалдык менчиктиктин укуктарын коргоо боюнча Меморандум.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү