10

Январь

2021

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум маселеси боюнча call-борборго жалпысынан 62 чалуу түштү

2021-жылдын 10-январынын кечки 18 саат 10 мүнөтүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум маселеси боюнча call-борборго жалпысынан 62 чалуу келип түштү. 

Негизинен телефон чалуулардын тематикасы шайлоо участокторунда шайлоочулар тараптан санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбагандыгы, ошондой эле техникалык мүнөздөгү маселелер болду.

Белгилесек, 10-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн административдик имаратында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эртең мененки саат 08:00 дөн кечки саат 20.00 гө чейин иш алып барды.

Күнү бою ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана башка талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдоого мүмкүнчүлүк болду.