09

Апрель

2015

Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына ар жыл сайын кошумча бир ирет берилүүчү акчалай жөлөкпулдун көлөмү жогорулатылды

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн токтому Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлерине кошумча социалдык көмөк көрсөтүү, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин юбилейлик датасына байланыштуу иштелип чыккан. 2015-жылдан тарта ар жыл сайын кошумча бир ирет берилүүчү акчалай жөлөкпулду төлөп берүү төмөнкү көлөмдө ишке ашырылат: - Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө; - Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө; - Ленинград шаарында 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда шаардык ишкана, мекеме жана уюмдарда иштеген жана “Ленинградды коргоо үчүн” медалы менен сыйланган жактарга жана “Блокадалык Ленинград жашоочусуна” белгиси менен сыйланган жактарга — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө; - Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, гетто жана башка күчтөп кармалган жайлардын жашы жете элек туткундары үчүн — 15000 (он беш миң) сом көлөмүндө; - Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда каза болгон аскерлердин жесирлерине — 10000 (он миң) сом көлөмүндө; - Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда жан үрөгөн эмгеги жана кынтыксыз аскер кызматы үчүн СССР орден жана медалдары менен сыйланган жактарга — 10000 (он миң) сом көлөмүндө; - Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда мыйзамсыз түрдө эмгек колонналарына жөнөтүлгөн жана кийинчирээк реабилитацияланган жактарга — 10000 (он миң) сом көлөмүндө; Аталган токтомду ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 26049,3 миң сом көлөмүндөгү кошумча акча каражаттарын табуу тапшырылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү