15
Ноябрь
2013
Бул туурасында, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада айтты.
Тайырбек Сарпашев майрам ээлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн жалпы экономикасы үчүн айыл чарба тармагынын маанилүүлүгүн белгиледи.
“2013-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясы 104 % га көтөрүлдү. Бул сиздердин тынымсыз жана чарчоону билбеген ишиңиздердин жыйынтыгы. Өкмөт дыйкандар менен малчыларга ар тараптуу жардам берүүгө бар мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Жеңилдетилген насыялар, айыл чарба техникасын лизингге берүүнү өнүктүрүү, айыл жеринде продукцияны кайра иштетүү ишканаларын колдоо, ирригация тармагын жандандыруу жана жердин түшүмдүүлүгүн сактап калуу сыяктуу азыр иштеп жаткан долбоорлор 2014-жылы да улантылат. Бул чаралардын баары жүз миңдеген адамдар иштеп жаткан агрардык жана кайра иштетүү тармагынын потенциалын жакшыртуу үчүн жасалып жатат.
Үстүбүздөгү жылы эле айыл чарбасынын 1072 даанасын сатып алдык. Алар учурда фермерлерге лизинг шартында таратылууда”,- деди Вице-премьер-министр.
Ошондой эле, Тайырбек Сарпашев Польша Республикасы тарабынан сүйлөшүүлөрдүн негизинде 24 млн. доллар жана Евразия банкы тарабынан 20 млн. доллар каражат келээрки жылы айыл чарба лизингин өнүктүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдө чечилгенин маалымдады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү