30
Март
2015
Ош жана Бишкек шаарларында балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кабыл алуу боюнча программа ишке киргизилди
Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кабыл алуу боюнча программа Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы боюнча ишке киргизилген.
Эскертсек, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин Катчылыгынын эксперттик тобу менен биргеликте билим берүү мекемелеринин ишин талдоо жүргүзүлүп, билим берүү тармагында 94 коррупциялык тобокелдик аныкталган. Коррупциялык тобокелдиктин бири балага мектепке чейинки билим берүү мекемесине жолдомо алууда аныкталган.
Ата-энелер үчүн бирдиктүү жеткиликтүүлүктү жана коррупциялык механизмдерди жоюу максатында билим берүү жаатындагы тийиштүү органдын интернет-сайты аркылуу ачык түрдө балдарды электрондук кабыл алуу программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү милдети коюлган.
Учурда Бишкек жана Ош шаарларында балдарды электрондук кабыл алуу боюнча программа пайдаланылууда. Ар-бир ата-эне төмөнкү даректер: edubishkek.kg (Бишкек) жана oshbilim.kg (Ош) боюнча балдарды бала-бакчага кабыл алуу тизмесиндеги өз кезегинин алга жылышын көзөмөлдөй алат.
Белгилесек, учурда Бишкек шаарында мектепке чейинки мекемелерге кабыл алуу кезегинде - 1 549 бала, ал эми Ош шаарында 1 700 бала катталган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү