18
Сентябрь
Бишкекте аймактар менен видеоконференц-байланышты киргизүү жана пайдалануу боюнча семинар-кеңешме болуп өттү
Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын министри- Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев «On-Line» режиминдеги видеоконференц-байланыш тутумун киргизүү жана аны пайдалануу боюнча семинар-кеңешме өткөрдү.
Семинарга аймактардан 60 ашуун өкүл катышты. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк аппараттарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын, облустук маанидеги шаарлардын жетекчилери бар.
Иш-чаранын жүрүшүндө чиновниктерге видеоконференц-байланыштын маани-маңызы, аны пайдалануу өзгөчөлүгү тууралуу түшүнүк айтылып, суроолорго жооп берилип, сунуш-пикирлер угулду.
Белгилесек, «On-Line» режиминдеги видеоконференц-байланыш Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн калк менен “жандуу” баарлашуусу, аймактагы жарандарды кабыл алууда, ошондой эле Өкмөттүк жыйындарды, селектордук жыйындарды, туруктуу комиссиялардын, облус ичиндеги иштиктүү жыйындарын өткөрүү үчүн пайдаланылат.
Видеоконференц-байланыш тутумун пайдалануу чечимдерди кабыл алуу процессин ыкчамдатууга, убакыт жана каражаттын үнөмдөлүшүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин аткарылыш процессин өз убагында көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
[gallery ids="41984,41985,41986,41987,41988"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү