19

Ноябрь

2013

Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Москвада Орусиядагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы жакын арада Кыргызстандан Москвага орусиялык кесиптештери менен биргеликте бир жуманын ичинде Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Бажы союзуна киргенге чейин абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзө турган атайын жумушчу топ келээрин маалымдады.

“Кыргызстанда Орусиянын аймагында иштөөнү каалаган биздин жарандарыбызды даярдоочу 5 кесиптик техникалык окуу жайы тандалып алынды. Эмгек мигранттарын зарыл болгон кесиптерге даярдоо жана барган мамлекетинде укуктук деңгээлин камсыздоого биз өзгөчө маани беришибиз керек. Бул процесс уюшкандыкта, тандап алуудан жумушка орноштурууга чейинки баскычты камсыз кылууга тийиш. Адам чет мамлекетте жумуш иштөө үчүн жалгыз кетүү менен өзүнө көйгөй жаратат. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын билдирүүсүнө караганда “кара тизмеде” 28 миң 600 адам катталган. Биз бул кызматтан ал жарандардын тизмесин сурадык”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү