05

Апрель

2013

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  Казак Республикасынын индустрия жана жаңы технологиялар министирлигинин өкүлдөрүн жана POSCO компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. 

Жолугушуу учурунда  Таш-Көмүр шаарындагы ферросплав заводунун курулуш-монтаждоо иштерин  бүткөрүлүшү жана ишке киргизилиши тууралуу сөз болду. 

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнө алган милдеттемесин аткарганын жана инвесторлор заводду тез аранын ичинде ишке киргизишин күтүүдө экендигин белгиледи. 

Инвесторлор ушул жылдын IV кварталында заводдун биринчи кезеги ишке киргизилээрин билдиришти. Баштапкы учурда чыгарган продукциянын көлөмү ай сайын 800 тонна болот. Завод толугу менен ишке киргизилгенде чыгарылган продукциянын көлөмү жылына 65 миң тоннага жетет. 

Мындан тышкары POSCO компаниясынын биринчи вице-президенти  Ким Жи Юнг  Кыргызстандын аймагында магний өндүрүү боюнча завод куруу ниетин билдирди.

КР Өкмөтүнүн  Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү