01

Февраль

2012

Буга окуу жайдын профессорлук-окутуучулук курамы менен студенттер, темага кызыккан башка адамдар катышты. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.Оторбаев өз сөзүндө мамлекеттик башкарууну реформалоонун зарылдыгын айтып өттү. Анын айтымында, Өкмөттүн биринчи кезектеги милдети болуп мамлекеттик кызматкерлердин санын 20 пайызга кыскартып, анын натыйжасында бюджеттик каражатты 1 млрд. сомго чейин үнөмдөө санала тургандыгын белгиледи. Ошондой эле мурдагы министрликтер менен ведомстволордун алдындагы 12 текшерүүчү инспекциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эки инспекцияга бирикти. Мындан инспекторлор менен текшерүүчүлөрдүн саны 2 эсеге азайып 1300дөн 700гө чейин кыскарды. “Ошондой эле экономикалык кылмыштарды иликтөө укугу бир гана Каржы полициясына берилет. ИИМ да, УКМК да, прокуратура да ишкерлерди текшерип тоскоол көрсөтө ала албайт. Каржы полициясынын кызматкерлеринин саны 200гө чейин кыскарып, алар атайы түзүлгөн комиссиясы аркылуу тандалып алынат”, - деди Ж.Оторбаев. Облустарды өнүктүрүүгө жана тоо кен тармагына инвестиция тартууда радикалдуу реформалар жасалат. Лицензия берүү процесси ачык-айкын өткөрүлүп, мамлекет тоо кенин иштетүүнү административдик эмес, экономикалык ыкмалар менен тескейт. «Бизде Кыргызстанда алтындын чалгындалган запастары аныкталган. Андан башка табигый кендер бар, алардын бардыгы мамлекетибиздин экономикалык өсүшүнө жана элдин бакубат жашоосуна жумшалышы керек», - деди вице-премьер-министр. Талкуунун жүрүшүндө Ж.Оторбаев катышуучулардын суроолоруна да жооп берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү