04

Февраль

2013

Мындай макулдашууга Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарына болгон 3-февралындагы иш сапарынын алкагында жетишти. 

БАЭнин сырткы соода министри Шейх Любна Бинт Халид Аль Касими менен болгон жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелерди  жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдардыгын, жогорку мамлекеттик деңгээлдеги иш сапарларынын зарылчылыгын билдиришти жана эки эселентип салык салууну болтурбоо, инвестицияны коргоо тууралуу келишимдерди иштеп чыгып кол коюлушун тездетүү маселелерин талкуулашты. 

Жоомарт Оторбаевдин “Emirates” авиакомпаниясынын башкармалыгынын жана “Emirates groupe” холдингинин Төрагасы Шейх Ахмад Бин Саид Аль Мактум менен болгон жолугушуусунда Бишкек жана Дубай шаарлары аркалуу жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуулар тармагында кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сөз болду. “Fly Dubai” компаниясынын Кыргызстандын борборуна учуу каттамдарын көбөйтүү, Ош шаарына авиа-каттам ачуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

 Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Абу-Дабинин өнүктүрүү Фондунда болуп, Ислам өнүктүрүү банкынын, Кувейт фонду жана Персид булуңундагы мамлекеттердин башка фондулары менен Кыргызстан үчүн маанилүү долбоорлорду аталган Фонд менен  биргелешкен альянста катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү