13

Ноябрь

2014

Кыргызстанга Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода расмий сапары менен келет

Эртең, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасына Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода расмий сапары менен келет.

Белгилесек, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода республикага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен келет.

Сапардын максаты экономикалык шериктештикти чыңдоо жана өнүктүрүү, суу-энергетикалык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы өз-ара аракеттешүүнү активдештирүү болуп саналат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү