01

Ноябрь

2013

Бүгүн, 1-ноябрда, Кыргыз Республикасына расмий сапары менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов келди.

Улуу мейманды Эл аралык “Манас” аэропортунда Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев тосуп алды.

Иш сапарынын алкагында Серик Ахметов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана кесиптеши Жантөрө Сатыбалдиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле, Серик Ахметов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IV отурумуна катышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү