18

Декабрь

2014

Кыргызстанда 2015-жылдын жазында чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук визаларды берүү башталат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Документ КР электрондук визаларды каттоо жана берүү тартибин Кыргызстанда тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутуму боюнча регламенттештирүү, ошондой эле электрондук виза үчүн төлөө маселесин тартипке келтирүү максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу жана ал аркылуу транзиттик басып өтүү үчүн электрондук визаларды каттоо жана берүү борборлоштурулган түрдө ТИМ консулдук кызматы тараптан Интернет электрондук тармагы аркылуу жүзөгө ашырылат.

“Аталган тутум чет элдик жарандар тарабынан виза алуу процедурасын белгилүү деңгээлде жөнөкөйлөштүрүп, визаларды берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн кыскарышына алып келет. Электрондук визалар тутуму өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда оңдуу ролду ойнойт», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Электрондук визаларды берүү 2015-жылдын жазында башталат. Алгачкы электрондук виза 60 суткага чейинки мөөнөттө, узартуу мүмкүндүгү менен берилет.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому бизнес-коомчулуктун жана туристтик операторлордун көп сандаган кайрылуулары боюнча кабыл алынган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү