25

Сентябрь

2014

Кыргызстанда алгач ирет IPEN 14-ар-жылкы жыйыны өтүүдө

«Park Hotel» мейманканасында “Программаларды баалоо” Эл аралык тармагынын (IPEN) “Өнүктүрүү үчүн баалоо: киргизүүдөн иш-аракетке” аттуу 14-ар-жылкы жыйыны өтүүдө. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, “Программаларды баалоо” Эл аралык тармагынын (IPEN) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук мониторингдөө жана баалоо тармагы уюштурууда. Аталган жыйынга депутаттар, мамлекеттик орган жетекчилери жана Великобритания, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Украина, Тажикстан, Молдова, Швейцария жана башка мамлекеттердин эксперттери катышууда. Катышуучулар мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн жогорулатуу үчүн баалоону пайдалануунун кеңейтүүгө байланыштуу бир катар маселелерин талкуулайт. Негизги талкуу өлкөнүн мониторинг тутумун уюштуруу жана жарандык коом уюмун, эксперт жана талдоочуларды тартууга мүмкүндүк берген мамлекеттик программалар тегерегинде жүрөт. Тактап айтканда, мониторингди жана баалоону башкаруу технологиясы катары институциализациялоого багытталган мыйзам демилгелери каралат. Маалымдама: “Программаларды баалоо” Эл аралык тармагынын (IPEN) жыйындары 2000-жылдан тарта ар-кыл мамлекеттерде өтүп келет. Мындай жыйын Армения, Грузия, Казакстан, Молдова, Россия жана Украинада өткөн. Жыйын КР БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ), БУУ Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП), Жарандык коомду колдоо долбоору GIZ жана EvalPartners Эл аралык демилгеси, “Ачык коом” фондунун колдоосу астында өтүүдө. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү