20
Февраль
Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-миинистри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы менен Бишкек шаарында май айында Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүн өткөрүүнү жана даярдануу боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.
Көргөзмөнүн максаты – Кыргызстандын агрардык потенциалын инвесторлорго презантациялоо, айыл чарба техникаларынын конкуренттүү рыногун түзүү, фермерлерди жаңы агротехникалар менен тааныштыруу.
Уюштуруу комитетинин жүрүшүндө өткөрүлүүчү көргөзмөнүн техникалык аспекттери каралды.
Вице-премьер-министр көргөзмөнү ийгиликтүү өткөрүүгө Өкмөт кызыкдар экендигин билдирди жана көргөзмөнүн алкагында эл аралык айыл чарба бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда.
“АЙЫЛ-АГРО” Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсү республиканын борборунда 22-24 майда өтөөрүн белгилейбиз.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү