04

Декабрь

2012

Бүгүн , 4-декабрда,  Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри  Жантөрө Сатыбалдиев “Манас” эл аралык аэропортунда Шанхай кызматташуусу Уюмунун  мамлекет мүчөлөрүнүн өкмөт башчыларынын  Кеңешинин  отурумунун алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябаону тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында  КР Премьер-министри менен КЭР Мамкеңешинин Премьеринин кеңейтилген жолугушуусу болот, андан соң эки тараптуу айрым келишимдерге кол кою күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн эле Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябаону кабыл алат.

Маалымат иретинде:

Кол коюла турган документтердин тизмеси:

  1. 1.      КР Экономика  министрлиги менен КЭР Комерция министирлигинин ортосундагы экономикалык жана инвестициялык иш-чараларды өнүктүрүү жана мониторинг үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандум;
  2.  2.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө келишим;
  3.  3.       КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги  менен КЭР Жер ресурстары министирлигинин ортосундагы геология жана пайдалуу кен тармактар жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү Меморандуму;
  4.  4.      «Ош-Баткен-Исфана» жана  «Бишкек-Балыкчы» автоунаа жолдорун оңдоо долбоору боюнча КР Финансы министирлиги менен Кытайдын Экспорттоо-импортто банкынын жеңилдетилген насыя тууралуу келишими.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү