14

Апрель

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Кыргызстандын баардык аймагында шаарларды жана калктуу пунктарды жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыяланган. 1-марттан баштап “Биз бул жерде жашайбыз” деген девиз менен шаарларда, калктуу пунктарда  жашылдандыруу жана санитардык тазалоо жумуштары жүрүп жатат. 2012-жылдын 14-апрелинде жалпы республикалык ишембилик өтөт. Ага болжол менен 400 миңге чукул киши катышат. Анын ичинен 25 миң Бишкек шаарында, Ош шаарында – 114 миң, Баткен облусу боюнча 30 миң 578, Жалал-Абад облусу – 85 миң, Ысык-Көл облусу – 29 миң 500, Нарын облусу – 29 миң, Ош облусу - 43 миң 789, Талас облусу - 14 миң, Чүй облусу - 28 миң. Ишембилик учурунда 245 миң 869 көчөт отургузуу пландалууда. 150 сел жүрүүчү каналдар 1 миң 585 чакырым арык тазаланат, 1550 имараттардын сырттары акталат, 155 чакырым тротуарлар өз калыптарына келтирилет, жалпы узундугу 41 чакырымды түзгөн көчөлөргө түн ичинде жарык берүү системасы орнолот. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда “Ыйык Ысык-Көлүбүздүн тазалыгы үчүн” деген акция болот.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык саясат бөлүмү