26

Март

2013

Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиеванын жетекчилиги менен Сауд Аравиясынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүн өткөрүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө Сауд Аравиясынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүн 2013-жылдын 6-9- майында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине аталган иш чаранын толук планын даярдоо тапшырылды. 

Ошону менен катар Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Сауд Аравия Королевствосу менен маданият жана билим тармагында өз ара иш алып баруу боюнча келишимдердин долбоорун даярдашат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү