20

Январь

2012

Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын 2012-2014-жылдарга карата бюджетинин долбоору талкууланды. Каржы министри Акылбек Жапаров ушул жылга жана кийинки эки жылга карата бюджеттин долбоору тууралуу маалымат берди. Документ КР Өкмөтүнүн “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасына ылайыкталып иштелип чыккан. Долбоорго мамлекеттик каражаттарды оптималдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында жаңы демилгелер киргизилген. Анын ичинде, күнүмдүк чыгымдар күнүмдүк кирешелердин эсебинен гана коротула турган болот; бюджет эки баскычтуу болуу менен ага тиешелүү нормативдик актылардын тобу тиркелген; жергиликтүү бюджетке бөлүнө турган нормативдер көбөйтүлгөн ж.б. Бюджеттин долбоорунда фермерлерге 1 млрд. сом ыңгайлуу кредиттерди берүүнү камсыздоо үчүн бөлүнүп, ал эми дагы бир млрд.сом айылдарда элдин жашоосун жакшыртуу максатында микрокредиттик уюмдарды түзүү үчүн каралган. 2012-жылга карата номиналдык ИДП 319 млрд. сомду түзөт. Бул көрсөткүчтөр былтыр 273 млрд. сомду түзгөн болчу. ИДПнын реалдуу өсүшү 7,5 % деңгээлинде, ал эми инфляция 9% деңгээлинде болот деп болжолдонууда.  Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 78 млрд. сомдон ашык сумманы, ал эми чыгашасы - 95 млрд.сомду түзүшү күтүлүүдө. Мамлекеттик аппараттын чыгымдары бул жылы 3 млрд. 219 млн. сомду түзөт, бул былтыркы жылдагыдан дээрлик бир млрд.сомго аз. Каражаттын басымдуу бөлүгүн – 44 млрд. 598 млн.сомду социалдык секторго бөлүү пландаштырылууда. 2011-жылы бул көрсөткүчтөр 36 млрд. 174 млн. сомду түзгөн болчу. Өкмөт башчысы Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттарды пайдалануусуна сын айтты. «Бул министрлик мамлекеттик каражаттарды натыйжасыз пайдаланууда. Бул системага бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча реформатордук мамиле зарыл болуп турат”, - деди Ө.Бабанов. Кыргыз Республикасынын өнүгүү бюджетине тышкы булактардын эсебинен 18 млрд.822 млн.сом бөлүп берүу пландаштырылууда. Кыскартылган 2 миң 237 мамкызматчынын эсебинен 804 млн. сом үнөмдөлмөкчү. Андан тышкары, мамлекеттин балансындагы 718 автомобилди аукцион аркылуу сатып, мунун натыйжасында 72 млн. сомдон ашуун бюджеттик каражат үнөмдөлмөкчү. Премьер-министр Ө.Бабанов Өкмөт мүчөлөрүнүн көңүлүн мамлекеттик сатып алууларды электрондук соода аркылуу жүргүзүүнүн зарылдыгына бурду. «Бул коррупцияны азайтып, тендерлерди өткөрүү процессинин ачык-айкын болушун камсыздайт”, - деди Өкмөт башчысы. Андан тышкары, Ө.Бабанов каржы министрине аткаруу бийлигинин толугу менен электрондук документ алмашууга өтүшү үчүн каражаттар каралышы керектигин эскертти. «Электрондоштурууну айылдардан баштоо керек. Өкмөттүн электрондук документ алмашууга өтүүсү абдан жай жүрүп жатат. Бул процессти тездетүү зарыл”, - деди  Премьер-министр. Өкмөт башчысы бийик тоолуу шарттарда иштеген адамдар үчүн бир катар компенсацияларды караган нормативдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгына көңүл бурду. «Биз бул жаатта реформа жүргүзүшүбүз керек. 2-3 миңден ашык малы бар бардар жашаган адамдар деле кошумча акы алып жаткандыгы туурасында маалыматтар бар”, - деди Премьер-министр жана Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге бул боюнча сунуштарды киргизүүну тапшырды. Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов каржы министрине бюджеттин долбоорун айтылган сунуштар жана толуктоолорду эске алуу менен кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү