29
Июнь
Медициналык кадрлардын резервине 870 адам киргизилди
Кыргыз Республикасында COVID-19га байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, азыркы учурда кадрлар резервине киргизүү үчүн медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлдү.
Жалпысынан тизме боюнча 870 адам, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 518, Чүй облусу – 42, Ысык-Көл облусу – 76, Талас облусу – 70, Нарын облусу – 67, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 48, Ош и шаары жана Ош облусу – 41, анын ичинде 207си медициналык билим берүү уюмдарынан.
Бардыгы болуп резервде 302 ординатор бар.
Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чыкты.
Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда.
Окутуу 2020-жылдын 30-июнунда башталат.