12

Март

2015

“Министр байланышта” акциясынын алкагында ИИМ жетекчиси “Милиция эл кызыкчылыгын коргойт” форумуна катышат

Эртең, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Мелис Турганбаевдин катышуусунда “Министр байланышта” акциясы улантылат. Ведомство башчысы Талас шаарында өтүүчү “Милиция эл кызыкчылыгын коргойт” форумуна катышат. Иш-чара Атай Огонбаев атындагы музейде саат 10 до өтөт. Форумга Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева, облустук прокурор Таалайбек Касымбеков, райондук акимдер жана аксакалдар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана облустук жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышмакчы. Бул күнү Бишкек шаарында министрликтин өкүлдөрү да акцияга катышат. Саат 11.00 «НБТ» телеканалында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык начальниги, милициянын полковниги А. Козубаевдин катышуусунда “Кыргызстандагы спайс” темасынын тегерегинде түз ободогу чыгарылыш өтөт. Андан соң Кыргыз Республикасынын ИИМ Онунчу Башкы башкармалыгынын начальниги Р. Мамбеталиев КТРК каналындагы “Демилге” программасына катышат. Эфир саат 16.00-17.00 дейре жүрүп, ал «Диний экстремизм» темасына арналат. Күнү бою Бишкек ШИИБ, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустук ИИБ, Ош облусу жана Ош шаары боюнча ИИМ башкы башкармалыгы жер-жерлерде тийиштүү подразделение начальниктеринин катышуусунда басма сөз жыйындарын өткөрөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү