18
Февраль
2013
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы менен 18-февралда өткөн Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңешинде билдирилди.
Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы N 198 токтому менен бекитилгенин маалымдайбыз.
Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чара Пландардын аткарылышындагы жасалган иштер боюнча КР Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Сабиров отчёт берди.
Ал өз сөзүндө бүгүнкү күнгө карата бир тооп иш жасалып, КР Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктүү өкүлчүлүктөрү институту түзүлгөнүн, райондук кеңештер жоюлганын, каржылык децентрализация жүргүзүлгөнүнө токтолду.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык
реформанын концепциясын ишке ашыруу алкагында 19 шаар тибиндеги посёлкалар 6 шаар тибиндеги посёлка, 16 айыл болуп кайра түзүлгөн.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча айыл аймактарын оптималдаштыруу боюнча тармактык жумушчу тобун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Администрациялык-аймактык реформалоо 3 этаптан тураарын жана 2017-жылга чейинки мөөнөттү камтырын эскертебиз.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү