07
Июль
Республикалык штабда облустар аралык коомдук унаалардын ишин токтотуп туруу маселеси каралат
«Республикалык штабда облустар аралык коомдук унаалардын (жүргүнчү ташыган автобустардын) ишин токтотуп туруу маселесин карайбыз. Облустарга кире бериш жерлерде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүүдө. Бишкектин жашоочуларын бул күндөрү аймактарга каттабай турууга, облустардын тургундарына коркунуч келтирбөөгө чакырам», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, республиканын аймагында тойлорду өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.
«Азыркы учурда, айрыкча оорунун белгилери билинбей же жеңил өткөн кээ бир адамдар өздөрүн дени сак сезишип же кадимки эле сасык тумоо катары кабыл алган учурлар көп кездешүүдө. Бир адамдын иммунитети жогору, бир адамдын иммунитети начар болушу мүмкүн. Ооруну жуктуруп алып, бирок кыска убакыттын ичинде өзүн жакшы сезип калган жарандарды башкалар менен байланышпай турууга чакырам. COVID-19 инфекциясына тапшырылган тесттин жыйынтыгы терс чыккандыгына карабастан, жарандарда өпкөнүн сезгенүүсү аныкталган учурлар бар. Ушундай шартта өз алдынча эмес, бир гана дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарылануу зарылдыгын эсиңерден чыгарбагыла! Бул оорунун күчөп кетишинин алдын алат», - деп кошумчалады.
Премьер-министр мекендештерди санитардык талаптарды сактоого чакырды. Санитардык эрежелерди сактоо менен ооруну сөзсүз жеңебиз!