25

Январь

2020

Республикада коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү

Кыргыз Республикасында коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Ыкчам штабдын курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алар менен ыкчам маалымат алмашып турушат.

Бүгүнкү күнү өлкөдө Кытай Эл Республикасынын аймагында чыккан коронавирус учурлары катталган жок. Ал дем алуу органдарын, ашказан, ичеги-карын жана нерв системасын жабыркатат.

Саламаттык сактоо министирлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрынан тарта жаңы вируска чалдыгуунун биринчи учурлары катталгандан бери адистер тарабынан тийиштүү алдын алуу жана даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коронавирусту өлкөгө алып келүүгө жол бербөө жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин өз убагында аныктоо максатында вирустун болушун текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. Санитардык-карантиндик пункттун адистери дене табын өлчөгүч менен Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жана үчүнчү өлкөлөргө келгендерди текшеришүүдө.

Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында республиканын аймагынан коронавируска чалдыккандар аныкталган шартка үч палата даярдалган. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатылып алынды. Бул чаралар аталган вирустан жабыркагандарды башка бейтаптарга аралаштырбоо максатында көрүлүүдө.

Ошону менен бирге адистер коронавирусту буюмдар, мисалы почта менен жиберилген нерселер аркылуу жуктуруп алуу мүмкүндүгүн ырасташпайт.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуп, анда тараптар коронавирустун белгисиз тибине байланыштуу кырдаал боюнча маалыматтарды ыкчам алмашуу тууралуу макулдашты.  

Анын маалыматы боюнча, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү вируска каршы күрөшүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана кошуна өлкөлөр менен активдүү байланышты колдоп, анын тарашын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн коопсуздук чараларын киргизди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бишкек шаарындагы кеңсесинде өткөрүлгөн жыйынга катышты, анда коронавирус боюнча кырдаал талкууланды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Атайын комитетинин эксперттери бардык өлкөлөр вирустун жайылышына жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды кабыл алууда жана короновирустун тарашына байланыштуу «өзгөчө кырдаал» жарыялап жаткандары да максаттуу.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасындагы мекендештерди жана коңшу өлкөгө барууга камынып жаткан жарандарды сак болууга, сунуш кылынган чараларды, анын ичинде коргоочу бет каптарды милдеттүү түрдө колдонуу керектигин эскертет.  

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кытай Эл Республикасынан эт жана эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген.