05

Март

2015

Абдырахман Маматалиев жетектеген делегация Мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишине катышуу үчүн Тажикстанга учуп кетти

Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жетектеген өкмөттүк делегация Тажикстан Республикасына Кыргызстан жана Тажикстан аралык Мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишине катышуу үчүн учуп кетти. Белгилесек, өкмөт аралык комиссиянын жыйыны үстүбүздөгү жылдын 4-7-мартында өтөт, анда Тажикстан жана Кыргызстан Республикалары аралык мамлекеттик чекараларындагы мурда белгиленбеген тилкелерди чектөө үчүн эки тараптуу ченемдик-укуктук актыларды аныктоо боюнча укуктук вертикалды түзүү маселеси талкууланмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү