08
Февраль
2020
Республикада энелердин өлүмүнүн деңгээли 14,9% кыскарган
Кыргыз Республикасында энелердин өлүмүнүн деңгээли 2018-жылдын январь-декабрына салыштырганда 14,9% кыскарган.
Жалпысынан республикада өткөн жылы 44 кош бойлуу аял көз жумган. Төрөттө жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмү 100 000 тирүү төрөлгөндөргө 27,8 түзгөн (2018-жылы 52 аял каза болгон, көрсөткүч 32,6).
Энелердин өлүмүнүн негизги себептери экстрогениталдык оорулар – 31,8%, кан кетүү – 22,7%, сепсис – 18,2%, преэклампсия, эклампсия – 15,9% жана анафилактикалык шок, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы боюнча - 9,1 %, бир жолкусунда өлүмдүн себеби аныкталган эмес – 2,3%.