20
Ноябрь
Бүгүн, 20-ноябрда, Санкт-Петербург шаарында Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өз ишин баштады. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышууда.
Учурда КМШ Өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү отуруму өтүп жатат, соңунда кеңейтилген жыйын уланат. Кеңештин жыйынтыгы боюнча шериктеш мамлекеттердин Премьер-министрлери бир катар документтерге кол коюшат.
Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе экономика тармагындагы кызматташтыктыкка багытталган.
Кеңешменин күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралат:
1. 2011-жылдын 18-октябрындагы эркин соода аймагы жөнүндөгү Келишимдин жобосун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;
2. 2009-жылдын 20-ноябрындагы өндүрүлгөн товардын өлкөсүн аныктоо эрежелери жөнүндө КМШ Келишимине өзгөртүү киргизүү Протоколу жөнүндө;
3. Жаңыртылган энергия булактарын колдонуу чөйрөсү боюнча КМШ кызматташтыгы Концепциясы жөнүндө жана аны ишке ашыруунун алгачкы иш чараларынын Мерчеми;
4. КМШга кирген мамлекеттердин энергия булактарын 2020-жылга чейин өндүрүү жана пайдалануу болжолу жөнүндө;
5. 1992-жылдын 14-февралындагы КМШ электр энергиясы боюнча мамлекеттер аралык мамилесин шайкеш келтирүү Келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколу жөнүндө;
6. КМШ сырткы соода бажы статистикасынын Бирдиктүү методологиясынын жаңы редакциясы жөнүндө;
7. Тейлөө жана өндүрүлгөн продукциянын сапаты боюнча КМШ сыйлыгына татыктууларга сынак жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
8. 1995-жылдын 26-майындагы КМШнын көргөзмө-жарманкелер жана конгресс ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Протоколу жөнүндө;
9. Москвада Бүткүл россиялык көргөзмө борборунун алкагында КМШга кирген мамлекеттердин көргөзмөсүн уюштуруу жөнүндө 2002-жылдын 7-октябрындагы Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин кеңешинин чечимин аткаруу жөнүндө;
10. 2012-жылга чейинки КМШ мамлекеттер аралык радионавигациялык программасын ишке ашыруу жөнүндө;
11. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына даярдык жана аны өткөрүү жөнүндө негизги иш-чаралардын Мерчеминин долбоору жөнүндө;
12. КМШга кирген мамлекеттердин туризм тармагы боюнча 2020-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясы жөнүндө;
13. КМШ мамлекеттеринин Эл аралык жаштар шериктештигинин 2020-жылга карата Стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2014-2015-жылдарга иш-чаралардын Мерчеми жөнүндө;
14. Мамлекеттер аралык даярдоо системасын түзүү жана өнүктүрүү, илимий-техникалык маалымат багытында адистердин билимин жогорулатуу жана кайра окутуу Концепциясы жөнүндө;
15. КМШга кирген мамлекеттерде жергиликтүү чыр-чатак согуштарынын ардагерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык-социалдык жардам көрсөтүү жана алардын турмуш-шартын мындан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларынын Мерчемин 2014-жылы каржылоо жөнүндө;
16. 1979-1989-жылдарда Ооган согушунда дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө, көмүлгөн жерлеринде эксгумация иштерин жүргүзүү менен сөөктөрүн өз Мекенине алып келип кайра көмүү иштерин 2014-2018-жылдарда улантуу жөнүндө;
17. КМШ мамлекеттеринин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы жөнүндө;
18. Мамлекеттик радиолокациялык таануунун Бирдиктүү системасын өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө;
19. Абадан жасалган чабуулдан коргонуу боюнча КМШ бирдиктүү системасын түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү жана Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекеттердин коргоо министрлигинин алдындагы Кенеште абадан жасалган чабуулдан коргонуу маселеси боюнча 2012-жылдагы Координациялык комитеттин ишмердүүлүгүн камсыздоо;
20. КМШнын 2014-жылга карата, абадан жасалган чабуулдан коргонуу боюнча бирдиктүү системасын түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү;
21. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча КМШ кызматташтыгынын Келишими ж.б.
КР ӨкмөтүнүнАппараптынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү