25

Октябрь

2014

Борбордо «РОСНАНО» ААК Кыргызстандын мамлекеттик орган, ишкер жана илимий чөйрө өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында «РОСНАНО» тобуна кирген инфраструктуралык жана билим берүү программалар фондунун өкүлдөрүнүн Кыргызстандын министрлик жана ведомство, компания жана ишканалар өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан өнөр-жай жана отун-энергетикалык комплекс бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Жунушалиев, ошондой эле министрлик жана ведомство, ишкер жана илимий чөйрө өкүлдөрү катышты.

Россиялык тарапты Инфраструктуралык жана билим берүү программалар фондунун суроо-талапты стимулдаштыруу программасынын директору Андрей Берков жетектеди. Ошондой эле Инфраструктуралык жана билим берүү программалар фондунун суроо-талапты стимулдаштыруу программасынын өкүлдөрү, «ПОЛИИНФОРМ» ЖАК, «Грасис» ЖАК, «СТЕКЛОНиТ Менеджемент» АКБ өкүлдөрү катышып, төмөнкү маалыматтарды беришти:

• Инфраструктуралык жана билим берүү программалар фондунун инновациялык, нанотехнологиялык продукциялар рыногун түзүү жана ачуу алкагындагы ишмердүүлүгү тууралуу;

• Кыргыз Республикасынын уюмдарынын жана ишканаларынын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн нанотехнологиялык чечимдерди пайдалануу тууралуу

• Кыргыз-россиялык венчурдук фондунун жогорку технологиялык долбоорлорго инвестициялоосунун келечеги тууралуу

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан өнөр-жай жана отун-энергетикалык комплекс бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Жунушалиев өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Өткөрүлгөн жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө түрткү берип, Кыргыз республикасындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда туура багытты орнотот. Ошондой эле аталган меморандумдун жоболорун ишке ашырууга натыйжалуу биринчи кадамы болуп эсептелет жана Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын уюмдары жана ишканалары аралык илимий-техникалык, маалыматтык жана ишкерлик кызматташуунун кеңейишине көмөк көрсөтө алат», — деп белгиледи өнөр-жай жана отун-энергетикалык комплекс бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Жунушалиев .

Өз кезегинде Андрей Берков «РОСНАНО» ААК аркылуу Кыргызстан рыногуна жергиликтүү продукциянын атаандаштыгын жана сапатын жакшыртуу үчүн нанотехнология жаатындагы даяр иштеп чыгуулары менен келүүгө даяр.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар трансфер жана нанотехнологиянын колдонулушу, илимий чөйрөнүн кызматташуусу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана илимий ишмердүүлүк жыйынтыгын коммерциализациялоо жаатындагы маселелер боюнча пикир алмашты.

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, тараптар энергетика жана газ менен камсыздоо жаатындагы учурдагы абал, Кыргызстандын ББ кошулуу келечеги алдыга жаңы милдеттерди коюп жаткандыгын, аларды чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «РОСНАНО» ААК кызматташуусу тууралуу аталган меморандумду ишке ашырылышы негизги көрсөтөөрү белгиленди.

   

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү