24
Май
Премьер-министр Т.Сариев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Бүгүн, 24-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жөнөп кетти.
Алдын-ал маалыматтар боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкү 23нөн 24-майга караган түнү орун алган. Анын натыйжасында алты адам каза болгон.
Учурда Жалал-Абад облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, бийликтин жергиликтүү органдары жана ӨКМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү кызматтары өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планында каралган чараларды ишке ашырууда. Жер көчкүнүн натыйжасында жабыр тарткандардын саны жана материалдык жоготуулардын көлөмү такталууда. Жеринде тийиштүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Жабыркагандарга көмөк көрсөтүү жана жаратылыш кырсыгынын айынан курман болгондорду жерге берүү боюнча штаб түзүлгөн.
Премьер-министр бардык облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, район акимдерине жана ӨКМгө кооптуу аймактарды инвентаризациялоодон өткөрүп, ал жерден жарандарды көчүрүү тапшырмасын берди.
Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкүнүн кесепеттеринен каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү