17

Июнь

2015

Өкмөт үйүнүн имаратында чылым чегүүгө тыюу салынды

Бүгүн, 16-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси Нурханбек Момуналиев Өкмөт үйүнүн имаратында чылым чегүүгө тыюу салуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Эскертсек, бул туурасында Өкмөттүн кезектеги жыйынында “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу маалымат угуу учурунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев да билдирген.

“Мыйзамда көрсөтүлгөн коомдук жайлардагы чылым чегүүгө тыюу салуу кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашырылуусу тийиш. Алгач өзүбүздөн баштоо зарыл», — деп белгиледи Премьер-министр Т.Сариев.

Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынан тышкары чылым чегүү үчүн атайы жайлар каралат, ал эми эреже бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 85-1 беренесине ылайык жоопкерчилик каралат.

Министрлик жана ведомстволор өз имараттарында тамеки чегүүгө тыюу салуу үчүн ушул сыяктуу ички буйруктарды иштеп чыгуусу зарыл, мында жоопкерчилик тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү