01

Ноябрь

2013

2013-жылдын 12-13-ноябрында Женева шаарында өтүүчү  Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноого каршы Комитетинин 51 сессиясынын жүрүшүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун аткаруу боюнча экинчи улуттук мезгилдүү Докладын коргоо болот. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары У.Халдаяров сунуштоочу Докладды коргоого даярдык боюнча Өкмөттүн делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйынын өткөрдү.

Расмий делегациянын курамында Ички иштер министрлиги, Жогорку сот жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү бар.

Эске салсак, 31-октябрда Токон Мамытов БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия үчүн аймактык бөлүмүнүн өкүлү Армен Арутюнян менен жолугушкан. Тараптар адам укуктары боюнча Координациялык кеңешин түзүү  жана БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия үчүн аймактык бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча эл аралык механизмдеринин сунуштарын изилдөөлөрүнүн натыйжасында конференция өткөрүү маселелерин талкуулашты.

КР Өкмөтүнүн аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү