07

Май

2018

Венгриянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоомду жана жакшы каалоо-тилегимди кабыл алыңыз. Биздин элдерибиз ортосундагы салттуу эсептелген достук жана өз-ара сыйлашуу мамилесине таянуу менен Венгрия Өкмөтү өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү иретинде колдон келген аракетти жасаарына ишендирип кетем. Мен биргелешкен иштин жүрүшүндө Сиздин колдооңузга жана көмөктөшүүңүзгө ишеним артам. Сизге ден-соолук жана жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү