30

Май

2017

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция: Кыргызстанда эпизотиялык абал туруктуу

Кыргызстанда дүйнөлүк соодага тоскоол болуучу көрүнүштөр жок, эпизотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов бүгүн, 30-майда, маалымат жыйында билдирди.

Калысбек Жумаканов белгилендей, учурда сүт жана эт азыктарын кайра иштетүү, бал жана балык өндүрүү тармагындагы 28 кыргызстандык компания ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген. Ал компаниялар Россия, Казахстан жана ЕАЭБ курамындагы мамлекеттерге өз товарларын чыгара алышат.

«Мындан сырткары Өкмөт биримдиктин курамына кирбеген үчүнчү өлкөлөр менен кызматташууга да өзгөчө көңүл буруп жатат. Жакында Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда, Кыргызстандын тоок фабрикаларындагы азыктарды Кытайдын рыногуна экспорттоо боюнча келишим түзүлөт. »,-деди Калысбек Жумаканов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү