07

Май

2012

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Манилада өтүп жаткан Азия Өнүктүрүү Банкынын Жылдык жыйынынын алкагында аталган Банктын вице-президенти Лакшми Венкатачалам  айым менен жолукту. Жолугушуу учурунда Ж.Оторбаев Кыргызстанда ишкердикти баштоого каражаттын жетишсиздиги бар экендигин айтты. Ушуга байланыштуу вице-премьер-министр  Азия Өнүктүрүү Банкына республикадагы жеке секторго болгон колдоону күчөтүүнү сунуштады. Мисалы, каржы тармагы, чакан жана орто ишкердик жана энергетика чөйрөсү. Л.Венкатачалам Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандын жеке секторуна колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал аталган маселе менен жеринен таанышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапары менен келе тургандыгын маалымдады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү