06

Февраль

2012

Бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Жарандык көз караш: колдоо жана Өкмөттүн “100 күндүк” жаңы программасына катышуу” аттуу жарандык форумда айтылган программанын максатын жана өзөгүн айтып берди. Ж.Оторбаев “100 күндүк” программанын алкагында мамлекеттик органдарды оптимизациялоо, мамлекеттик кызматкерлердин саны 20% пайызга кыскараарын, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп келген  20 миң кызматтардан 300ү каларын белгилеп өттү. Бул аралыкта унааларды техникалык жактын кароо жоюлат, Мамлекеттик автоинспекция менен Башкы жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгы бирдиктүү жол күзөт кызматына биригет, калк жыш жайгашкан жерлерде жана  республикалык мааниге ээ болгон жолдордо видео байкоо системасы орнотулат. Мындан сырткары 100 күн ичинде тоо кен тармагына инвесторлорду тартуу максатында жаңы мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин талкуусуна жиберилет, айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген 7 пайыздык 1 млрд. сом суммасындагы кредит ушул айдан баштап бериле баштайт. “Бул кыска убакыттын ичинде алдыга койгон тапшырмаларды аткаруу татаал. Жалпылап айтканда бул документ абдан динамикалуу жана өзүнө көп жаңы ыкмаларды камтыйт. Өкмөт коюлган пландарды аткаруу үчүн колунан келген максималдуу аракеттерин жасайт. Иштөө убагы келди”, - деди Ж.Оторбаев. Ж.Оторбаев өкмөттүк эмес уюмдардын коррупция менен күрөшүү, эки тепкичтүү бюджет жана Өкмөттүн программаларынын социалдык багыты тууралу суроолоруна жооп берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү