28
Январь
2012
2012-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын аймактын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2012-жылга карата маселелери боюнча коллегиясына катышты.
Өзүнүн сөзүндө Ж.Оторбаев өлкөдө мамлекеттик башкаруунун реформаланышы керектигин белгиледи.
“Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир жетекчи өз ишин канчалык ийгиликтүү аткаргандыгы боюнча гана бааланат. Ал үчүн критерийлердин обьективдүү сандык системасы иштелип чыкты, ал калк тарабынан баалоону жана Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдерин камтыйт. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын саны да кыскартылат. Мыйзам менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү тизмеси түзүлөт жана бир дагы мамлекеттик орган өз алдынча жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү киргизе албайт. Ошону менен бирге мамлекеттик сатып алуулар системасы реформалоого дуушар болот”, - деди Ж.Оторбаев.
Ошондой эле Укук коргоо системасында реформалар болорун вице-премьер-министр белгиледи.
“Патрулдук-тосот кызматы жана МАИ оперативдүүлүктү жана жарандардын коопсуздугун жакшыртуу үчүн бирдиктүү патрулдук-жол кызматына бириктирилет. Финансылык полиция да кайра өзгөртүп түзүлөт. Финансы полициянын кызматкерлеринин саны 418 ден 200 гө чейин кыскартылат. Ал менен бирге финансылык полициянын 200 кызматкерлери кайрадан, ачык жана адилеттүү таңдоо жолу менен ишке алынат. Мындан нары, финансылык полиция ишкерчиликти текшербей, мамлекеттик каржаттарды максатсыз пайдалануу боюнча маселелер менен алектенет”- деп ынандырды катышуучуларды Ж.Оторбаев.
Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү тууралу вице-премьер-министр өсүүнүн жогорку темптерине жетишүү, калктын жалпы турмушун жакшыртуу үчүн жеке ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу жана жеке инвестицияларды тартуу болуп эсептелерин белгиледи. “Бизнести өнүктүрүү жана 2012-жылы текшерүүлөрдүн санын азайтуу үчүн ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат. Ошону менен бирге лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн саны 500 дөн 220га чейин кыскартылат. Ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн өзүнүн өнүгүшүнө келип түшкөн жабдууларга салыктык жана бажы жыйымдарынан бошотулган норма киргизилет”, - деди Ж.Оторбаев.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Ж.Оторбаев чиновниктерди элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүдө алар менен тыгыз байланышта жана жигердүү иштөөгө чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү