15
Февраль
2012
Бүгүн, 15 - февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев тоо-кен тармагын реформалоо боюнча жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан нормативдик укуктук актылардын биринчи пакетин талкуулоо боюнча коомдук угууларга катышты. Вице-премьер-министр тоо - кен тармагындагы мыйзамдык базаны иштеп чыгуучу топту жетектейт.
“Эгер биз экономикалык өсүү жөнүндө жана элдин жашоо шартынын жакшырышы тууралуу сөз козгосок анда биз тоо-кен тармагын көтөрүүгө мажбурбуз. Кыргызстан көз каранды болгондон тартып тоо-кен чөйрөсүнө тийиштүү нормативдик укуктук актылардын тунуксуздугу жана коррупциялык схемалардын кездешүүсү бул тармактын солгундоосуна алып келди. Өкмөт бул кырдаалды өзгөртүүнү чечип, коомдук угууларга жасалган ишти бүгүн биринчи талкууга алып чыгууда”, - деди Ж.Оторбаев.
Вице-премьер-министр тоо-кен боюнча мыйзам долбоорун республиканын облустарында да талкууланарын баса белгиледи. Анын айтымында, биринчи нормативдик укуктук актыларды камтыган пакет Жогорку Кеңештин талкуусуна март айынын башталышына чейин, ал эми экинчи пакет апрель айында сунуш кылынаары пландалууда.
Биринчи пакет өзүнө “Тоо кен жөнүндө” мыйзам долбоорун, жер жана салык кодекстерине өзгөртүүлөр жана “Салыктык эмес төлөөлөр жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү камтыйт. Экинчи пакетке болсо “Концессия жөнүндө”, “Тоо концессиясы жөнүндө” жана “Продукцияларды бөлүү жөнүндө келишимдер” аттуу нормативдик укуктук актылардан турат.
“Мыйзам долбоору жаңылоону башаты болуп эсептелет. Мисалы, тоо-кендин 50 пайыз роялтиси жергиликтүү бийликке калат. Жалпылап айтканда бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы тоо-кен тармагында өтө маанилүү өзгөрүүлөргө алып келет”, - деп ишендирди вице-премьер-министр.
Жогорку Кеңештин экономика тармактарын өнүктүрүү комитетинин жетекчиси Исхак Пирматов талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун актуалдуулугун баса белгилеп, аны тез арада кабыл алуу зарылдыгын айтты.
Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев бул мыйзам долбоорунун негизги принциптер менен тааныштырды. Алардын ичинде - тоо-кен жана жер участокторун колдонууга мүмкүнчүлүк түзүүчү укуктарды “бирдиктүү терезе” принциби аркылуу берүү, жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык жагдайын өнүктүрүү, экологияны коргоого кепилдик берүү жана тийиштүү деңгээлде рекультивация жүргүзүү керек.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү