22

Март

2012

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас шаарындагы картөшкөнү кайра иштетүүчу заводдун ачылышына катышты. Жоомарт Оторбаев заводдун жабдуулары 2 млн. 400 миң доллар өлчөмүндөгү индиялык инвестициянын эсебинен алынгандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда, буга чейин тиешелүү документтерге Кыргызстан менен Индиянын Өкмөттөрү тарабынан кол коюлган. «Өз кезегинде, кыргыз тарап 21 млн.сомдук курулуш иштерин бүтүрдү. Завод облустун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын сатууга көмөкчу болот”, - деди ал. Вице-премьер-министр белгилегендей, завод суткасына 20 тонна картөшкөнү кайрадан иштетип, 5 тонна даяр продукцияны, анын ичинде 2 миң 400 кг картөшкө чипсы, 2 миң 600 кг кургак картөшкө порошогун чыгара алат. «Кыргызстандын Өкмөтү мындан ары да ушундай эле инвестицияларды өлкөнүн айыл чарбасына тарта бермекчи. Агрардык тармактын өнүгүшү начар жашаган үй-бүлөлөрдүн жана жумушсуздардын санын азайтууга көмөкчү болот”, - деди Ж.Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү