21

Март

2012

Бүгүн, 21-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас шаарында Өкмөттүн атынан облустун жашоочуларын Нооруз майрамы менен куттуктады. “Илгертен биздин ата-бабаларыбыз жаркыраган жаздын ушул улуу майрамын чыдамсыздык менен күтүп, “Эски жыл кетти, жаңы жыл келди”, - деп  үйлөрүнө арча түтөтүп аластап, Жараткандан амандыкты тилеп, сүмөлөк, көжө кайнатып, Ноорузду ынтымактын жана биримдиктин майрамы катары бардыгы биргелешип тосушкан” деди Ж.Оторбаев. Ошондой эле бүгүн вице-премьер-министр Талас шаарындагы картөшкөнү кайра иштетип чыгаруучу заводдун ачылышына катышуусу күтүлүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү